Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баткен

Видео — Лейлекте чек арадагы чырдан кийин кыргызстандыктар тажикстандыктарды ифтарга чакырып коноктоду

Turmush -  Кечээ, 12-июнда Лейлек районунун Максат айылынын тургундары Тажикстандын Согди облусунун Офчу-Калача айылынын тургундары менен биргеликте ифтар уюштурду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, ифтарга 100гө чукул киши келди. Коңшу кыргыз-тажик айылдарынын тургундары орозо айында эки элди чакырып, ооз ачырган Баткен облусунун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, мындай иш-чара чек арадагы кыргыз-тажик айылдарынын элинин ынтымагын бекемдейт деп белгилешти.Аталган ифтарды уюштуруу демилгесин Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев менен Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода телефон аркылуу макулдашкан.

Мындан тышкары Максат айылынын 50 тургунуна Ысык-Көл облусунун «Тел-Тору» эс алуу жайына акысыз эс алуу уюштурулууда. Ошондой эле балдардын эс алуу лагерлерине Максат айылындагы мектеп окуучуларын алып баруу пландалган.

Буга чейин 4-июнда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат аймагынын Футбол талаасы тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыкканы маалымдалган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя саат 17:10 чамаларында болуп, тажик чек арачылары эскертүү катары асманга ок атышкан. Жаңжалга тажикстандык аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турум сызыгын бузганы себеп болгон. Алар баш аламан соода кылган кыргызстандык жарандарды Футбол талаасы тилкесинен кубалап чыккан.

«Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда башталган жаңжал Кыргыз Республикасынын чек ара күзөтү барган учурда токтотулган. Кыргызстандык чек арачылар Тажикстандын аскер кызматкерлерине маселени аталган ыкма менен чечпөө тууралуу эскертүү берип, ошондой эле алар макулдашылбаган тилкеде экенин айтып, ал жерден чыгып кетүүнү талап кылышты. Алар коюлган талапты аткаруудан баш тартып, чагымчылдык кылып, эскертүүчү ок чыгарышкан. Андан кийин алар кыргызстандык чек ара күзөтү тарабынан кармалды. Ошондой эле Лейлек району менен Тажикстандын Жаббар – Расулов багыты боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү», - деп айтылган маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 486
Көп окулду
×