Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 13.06.2018 09:39

Бакай-Атада өспүрүмдөр арасында футбол боюнча эл аралык мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 12-июнда Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында өспүрүмдөр арасында футбол боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдагы футболчулардын машыктыруучусу Ажыбек Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, 13-14 жаштагы өспүрүмдөр арасындагы мелдешке Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунун, Талас шаарынын жана Казакстандын Чымкент шаарынын «Арыс» командалары катышты. Жеңген командаларга кубок, медалдар жана грамоталар тапшырылган.

Жыйынтык:

- 1-орун — Казакстандын «Арыс» командасы;

- 2-орун — Бакай-Ата районунун «Боо-Терек» командасы;

- 3-орун — Манас районунун командасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×