Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.06.2018 08:13

Кара-Көлдө 7 эне «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланат

Turmush -  Кара-Көл шаарында 7 эне «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.

Маалым болгондой, сыйлыктар 23-июнда өз ээлерине салтанаттуу тапшырылат. Анда «Баатыр эне» ордени менен А.Батыркулова, А.Кулукеева, С.Мамышова, Г.Жоробекова, З.Шүкүралиева сыйланат. Ал эми «Эне даңкы» медалы Ж.Айдаралиева менен А.Силалиевага тапшырылат.

Сыйлык ээлеринин ичинен эң жашы 7 баланын энеси, 8-баласын күтүп жаткан 1985-жылы төрөлгөн З.Шүкүралиева «Баатыр эне» орденин алмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×