Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Бишкек 12.06.2018 18:00

Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевдин ишин карабай турган болду

Turmush -  Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуудан баш тартты. Бул маалыматты АКИpress агенттигине мурунку депутаттын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирген.

Башкы прокуратура Ө.Текебаевди коргоочулардын сунушун карап чыгып, ишти кайра кароого негиз жок деп тапкан. Бирок мындай чечим менен арыздануучу тарап макул эмес.

Жактоочу Чынара Жакупбекованын айтымында, алар Башкы прокуратуранын чечиминин үстүнөн сотко арызданышат.

2017-жылы 21-ноябрда Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин карап, өкүм чыгарган. Жыйынтыгында Бишкек шаардык сотунун өкүмү күчүндө калган болчу.

Бишкек шаардык сотунун чечими

2017-жылы 2-октябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотонов го козголгон ишти караган процесс улантылган. Отурумдун аягында соттук коллегия райондук соттун чечими күчүндө калтырылганын билдирди.

Биринчи май райондук соттун өкүмү

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотонов го карата 16-август күнү чыгарылган өкүм менен тааныштырган. Райондук сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенүүгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Мандаттан ажыратуу

2017-жылы 1-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаев ди депутаттык мандатынан ажыратты. Ал Жогорку Кеңештин I, II, III, V жана VI чакырылыштарында депутат болуп келген.

Кылмыш иш

2017-жылы 25-февралда Башкы прокуратура «Альфа Телеком» компаниясынын башкармалыгынын курамына кирүү үчүн депутатка 1 млн доллар бергенин айткан россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Камакка алуу

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Европадан Стамбул аркылуу учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган болчу. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы 27-февралда камакка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×