Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баткен

Быйыл эгин жыйноо иштери биринчи болуп Кадамжайда башталды

Turmush -  Кыргызстандын аймагында быйылкы жылы дан эгиндерин жыйноо иштери биринчи болуп бүгүн, 12-июнда Кадамжай районунда башталды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, райондун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Мейман Миталипов атындагы дыйкан чарбасында дан эгиндери жыйналып баштады. Аталган дыйкан чарбанын жалпы жер аянты 59,1 гектарга жетет. Кылкандуу дан эгилген жердин аянты 10,5 гектар. Ал эми түшүмдүүлүгү 30-35 центнерге жетет. Тагыраагы, 1 гектардан 3,5 тонна буудай алынат. Эгин жыйноо иштерин 2 комбайн аткарып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 517
Көп окулду
×