Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Кадамжайдын Калача айылында жемиш кургатуучу ишкана ачылды

Turmush -  Бүгүн, 12-июнда Кадамжай районунун Калача айылында 30 адам иштей турган мөмө-жемиштерди кургатуучу ишкана ачылды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, анда кургатылган өрүк, гилас, шабдалы жана башка бардык кургатылуучу жемиштер тазаланып, сорттолуп, таңгакталып экспортко даярдалат. Мындан мурда эл кургатылган жемиштерин Тажикстанга сатып жүргөн болсо, мындан ары аталган цехте иштетиле баштайт. Ишканадагы жумушчу 30 адамга жуунуучу жайдан тарта тамак-аштар берилүүчү жерге чейин бардык шарттар түзүлдү. Тиешелүү жабдыктар ЮСАИДдин «Агрогоризонт» долбоорунун эсебинен Түркиядан алынып келинди. Курулушка жалпы 16 млн 650 миң сом акча жумшалды. Ишканада күнүнө 2,4 тонна кургатылган жемиштер таңгакталат.

Иш-чарага облус жетекчилиги, жергиликтүү тургундар катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 680
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×