Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдө аскер бөлүктүн жоокерлерин сабаган прапорщик камакка алынды

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында ӨКМдин аскердик бөлүгүндө жоокерлерди ур-токмокко алган прапорщик 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аскер бөлүктүн жетекчилиги жоокерлерди томоктогон аскер кызматчысынын иши боюнча мыйзам чегинде аскер прокуратурасына кабар берген. Ал эми сабалган жоокерлер ооруканага жеткирилип, текшерүүдөн өткөрүлгөн.

«Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иш козголду. Жоокерлерди сабаган аскер кызматкери 48 саатка камакка алынды. Бул окуя өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун жеке көзөмөлүнө алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн министрлик тарабынан чечкиндүү чаралар көрүлөт», - деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Буга чейин Таш-Көмүр шаарында ӨКМдин аскердик бөлүгүндө мас абалдагы прапорщик жоокерлерди ур-токмокко алганын АКИpress маалымат агенттигине Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирген.

Анын айтымында, 10-июнда таңкы саат 05:00дө мас абалдагы прапорщик 24 жоокерди тургузуп, аларды шылдыңдап, кемсинтип баштаган.

«Ал жоокерлерди отжимания жасатууга мажбур кылган. Андан соң аскерлерди бул көнүгүүнү жасап жатканда ур-токмокко алып баштаган. Анын кесепетинен 9 адам жабыркаган», - деди ал.

Азыркы учурда аскердик прокуратура текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жабырлануучулар прапорщиктин үстүнөн арыз жазышкан эмес. Н.Сулайманов бул окуя Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун көзөмөлүндө болорун кошумчалаган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1104
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×