Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусу, Нарын 12.06.2018 16:37

Айыл турмушу: 23 жаштагы Н.Адилова акылдуу үйдүн макетин жасады (видео, фото)

Turmush -  Нурайым Адилова Жылан-Арык айылында жашайт, учурда 23 жашта. Нарын мамлекеттик университетинин агрардык техникалык факультетинин экономикада колдонмо информатика тайпасынын 4-курсун аяктап жатат. Ал дипломдук иши үчүн акылдуу үйдүн макетин тургузган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Программаны жазууга көп убакыт кетти. Өзүмдүн дипломдук ишимде акылдуу үйдү Arduino платформасынын негизинде жасап чыктым. Бул платформа Германиядан DAAD долбоорунун алкагында алынып келген. Жетишпеген тетиктерди болсо өзүм сатып алдым. Улам бирин жасап жатып кызыгуу күчөп, идея кошуп, акылдуу үйдү жасап чыктым. Дагы толук бүтө элек, эми муну ишке ашырып үйгө, коюп көрөлү деп жатабыз. Ишке ашса, элдерге айтам. Алар жашоосунда колдонсо абдан жакшы болмок. Үйдө отуруп алып телефон менен эшикти башкарып ачса болот же эшикти блокко салып, лампаны колду чаап өчүрүп жана күйгүзсө болот. Эми алдыда дагы мындан жакшы долбоорлорду жазып, ишимди улантайын деп жатам», - деди студент.

Ал бул дипломдук иши үчүн «5» деген баа алып, мугалимдерден алкыш алып чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×