Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

3 баланы энесиз калтырган жол кырсык: Сания Шакирова бүгүн 31 жашка толмок...

Turmush -  Miss Universe Beauty («Миссис Мира Вьетнам-2018») сынагынын жеңүүчүсү, ишкер жана 3 баланын жалгыз бой энеси Сания Шакирова бүгүн, 12-июнда 31 жашка толмок. Ал туулган күнүнө бир жума убакыт калганда акыркы сапарга узатылды...

--------------------------------------------------------------------------------------------------------

2018-жылы 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында жол кырсык болгон. «Равон Нексия Р3» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү пескоблоктон тосулган тосмону сүзүп, жараксыз болуп талкаланган. Бул унаадан бир адам (аял киши) каза болуп, эки эркек киши жаракат алганы маалымдалды.

Андан көп узабай окуя болгон жерде көз жумган жүргүнчү Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Сания Шакирова экени такталды.

4-июнда Кара-Балта шаарында Сания Шакированы жерге берүү зыйнаты өттү. Ал апасынын жеринде — Жайыл районунун Ийри-Суу айылында жерге берилген.

«Эки кабаттуу үй курууну кыялданам»... Эрте кыйраган кыял

Сания Шакированын 2018-жылдын апрель айында өткөн дүйнөлүк сынактагы жеңишинен кийин аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешкен болчу. Өзү 13 жана 10 жаштагы кыздары, 8 жаштагы уулу бар экенин, аларды жалгыз тарбиялап жатканын айткан. Ал 10 жыл Москва шаарында сулуулук салондо иштеп, Ольга Бузова, Ксения Бородина сыяктуу белгилүү адамдарга кызмат көрсөткөн.

«Мектепти аяктагандан кийин юрист адистиги боюнча билим алдым. Бирок сулуулук тармагында иштеп калдым. Көп убакыт бою Россияда иштеп, шоу-бизнестеги атактууларды тейледим. Андан кийин мекениме кайтып келип, сулуулук тармагында өз ишимди баштоону чечтим.

Сулуулар сынагына кокусунан катышып калдым. Сынакка алып баруучусу Ассоль Молдокматова катышууну сунуштаган. Экөөбүз Парижде Пьер Карден жана Владислав Зайцевдин мааракесинде жолукканбыз. Ассоль катталууга жардам берип, "Дүйнө сулуусу-2018" наамына ат салышып калдым. Эл аралык сулуулар сынагы Вьетнамдын Нячанг шаарында 28-мартта башталып, 4-апрелде жыйынтыкталды», - деген ал.

Сания Шакирова сынакка катышууда кандай кыйынчылыктар болгонун айтып берген болчу.

«Сынакка катышуу үчүн арыктоо керек эле. Салмагым 56 кг болчу. Талапка жана боюмдун узундугуна ылайык 3 килограммга арыктадым. Салмак таштоо үчүн болгону 1 гана жума убакыт бар болчу. Вьетнамда 10 күн жүрсөм, анын тогуз күнү даярдануу менен өттү. Чындыгында берилген тапшырмалар абдан көп болду. Ар бир кыз сулуу аталууга татыктуу эле. Мен калыстарды кыргыздын улуттук кийими менен таң калтырдым деп ойлойм. Сынактын жыйынтыгы менен модель катары иштөөгө келишим сунуштап, ошондой эле "Мерседес Бенц" унаасын, 5 миң долларлык сертификат жана Венецияга эс алууга жолдомо беришти. 20-июлда Италияга эс алууга жөнөп кетем. Ошондой эле менде жеңүүчүнүн 3 килограммдык таажысы калды», - деген С.Шакирова.

Үч баланын апасы келечекте Бишкек шаарында эки кабаттуу үй курууну кыялданчу.

--------------------------------------------------------------------------------------------------------

Сания Шакирова жол кырсыкка чейин турмушка чыгуу сунушун алган

Окуядан кийин маркумдун жакын курбуларынын бири Ассоль Молдокматова Саниянын жигити колун сурап, 101 роза гүлүн бергенин укканын билдирди.

«Курбум Сания Ысык-Көлгө жигити менен кеткен эле. Жигити Ысык-Көлдөн курбумдун колун сурап, турмуш курууга макулдугун алып, 101 роза гүлүн белекке бериптир. Ал (Сания Шакирова) абдан бактылуу экенин мага телефон аркылуу 1-июнь күнү билдирген. Мен чет өлкөдөн түнү учуп келип, эртең менен ушундай жаман кабар уктум», - деди А.Молдокматова.
Алгач С.Шакированын жигити жүргүнчүлөрдүн бири деп айтылып жатса, кийинчерээк рулду башкарып бара жатканы ачыкка чыкты.
Кандуу жол кырсыкка ким жоопкерчилик алат?
Акыркы маалыматтар боюнча, унаанын айдоочусу учурда ооруканада жатат.

Адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган. Балыкчы—Каракол унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын кире беришинде «Равон Нексия Р3» башкаруусун жоготуп, көрүстөндүн пескоблоктон жасалган тосмосуна урунган. Андан соң автоунаа оодарылып кеткен.

С.Шакированын жанындагы жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке жөнөтүлгөн. Ошондой эле автоунаанын айдоочу К.Ч. да Бишкектеги ооруканага жеткени маалым болду.

Бул жол кырсык боюнча 3-июнда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

Кийинчерээк Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, талкаланган унааны ИИМдин Адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын мурунку башчысынын уулу башкарып бара жаткан. Айдоочунун атасы — милициянын полковниги, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринен талапкер болуп каталган.

Ал эми, унааны башкарып жүргөн 31 жаштагы К.Ч. ИИМдин атайын мектебинин курсанты болуп, кийин Адистештирилген күзөт кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүнүн биринде эмгектенген.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин катчысы Сталбек Усубакунов айдоочу учурда милиция кызматкери эмес, деп билдирди. Анын айтымында, көрсөтмө берген учурда айдоочу убактылуу эч жерде иштебей турганын айткан.

«Айдоочу — 1987-жылы туулган К.Ч. милиция кызматкери деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Биз бул маалыматтарды дагы бир ирет текшерип чыктык. Айдоочу милиция кызматкери эмес», - деди С.Усубакунов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2272
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×