Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Дүйнө 13.06.2018 23:38

Мекендештер: Кыргыз кызы Падишахан муз үстүндөгү бий боюнча Казакстандын төрт жолку чемпионун өстүрдү

Turmush -  Өзүн чабандын кызымын деген 47 жаштагы Падишахан Султаналиева Жалал-Абаддын Аксы районунда төрөлгөн. Өмүрлүк жолдошу катары казак жигитин тандап, аны менен Москвада таанышканын, учурда үй-бүлөсү менен Канаданын Торонто шаарында жашап жатканын Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Кыргыз кызы Падишахан Султаналиева — Олимпиаданын катышуучусу, бир катар байгелердин ээси жана муз үстүндөгү бий боюнча Казакстандын 4 жолку чемпиону болгон Елизабет Турсынбаеванын апасы.

«Елизабет Турсынбаева дүйнө элине казактарда да муз бийи бар экенин көрсөттү. Муз бийи боюнча казактарды биринчи жолу Олимпиадага Елизабет алып чыкты», - деди мекендешибиз.

18 жаштагы Елизабет төрт жашынан бери муз бийи менен машыгат.

«Кичинесинде аябай назик болуп, көп ооручу эле. Төрт жашында муз бийине машыгууга алып бардым. Ага чейин балам Тимур эки жолу чемпион болуп, көптөгөн турнирлерде алдыңкы орундарды ээлеген. 2013-жылы Елизабет Москванын биринчилигинде алтын медаль тагынды. Ушул жылдан баштап Канаданын Торонто шаарында белгилүү тренер Брайан Орсердин кол астында машыгып, Казакстандын атынан чыга баштаган», - деп кошумчалады.

Елизабет бийден сырткары скрипкада ойноп, музыкалык мектепте сегиз жыл окуган. Анын хоббиси да көп, үйлөрдүн макетин, торттун түрүн жасайт.

«Кызымды спорт жагынан көтөрөм деп машыктыруучулукту да окуп жатам. Кийинки жылы Спорт академиясын бүтөм. Өзүм кесибим боюнча экономист, психолог, инженер, дизайнермин. Муну менен катар “Арзып тапкан махабат”, "Адам жаман болуп төрөлбөйт” деген китептерди жазгам. Адам деген атка татыктуу болуу үчүн өзүмдүн үстүмдөн азыркыга чейин иштейм, окуйм, изденем. Менталитетти өзүмө да, балдарыма да таңуулабайм. Ар бир элдин жакшы жагын алганга аракет кылам. Сүннөт той, үй той, үйлөнүү той өткөрүп өзүбүздү кыйнабайбыз», - деди П.Султаналиева.

2017-жылы дүйнөдөгү эң мыкты он фигурист аныкталып, Елизабет Турсынбаева 9-орунга жазылганын уккан Падишахан айымдын эмоциясы талкуу жараткан эле.

«Кызың менен бир чоң өлкөгө тарых жасап жатсаң, албетте эмоция бийик болот. Өзүм жөнөкөй чабандын кызы болуп, менин кызым дүйнөнү багынтып жатса кантип эмоциямды жашырам. Мен дүйнөнү багынтсам да, баары бир жан дүйнөмдө чабандын кызымын», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×