Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 12.06.2018 12:34

Кара-Буурадагы селдин себептери аныкталды

Turmush -  Кечээ, 11-июнда Кара-Буура районунда жүргөн селдин себептери аныкталды. Бул тууралуу Кара-Буура районунун акиминин орун басары Таалайбек Айманбетов билдирди.

Анын айтымында, сел кечээ саат 18:30 чамасында жүргөн. Анын кесепетинен райондун Аманбаев айыл өкмөтүндө жайгашкан Ак-Жар айылын сел каптаган. Селдин суусу төө буурчак тигилген 8 гектар таалааны жууп кетен. Бүгүнкү күндө канча чыгым келтирилгендиги такталып жатат.

«Селдин чыгышынын себептери дагы аныкталды. Биринчиден, айыл тоо жакка жакын айыл болгондуктан суунун көлөмү көп болгон. Ак-Жар айылына 1 км жерден таза суу тартып жатышкан экен, ошонун айынан айылды сел каптап кеткен. Ошол каналды жабышкан эмес. Эгер канал толук, бекем жабылса айылды суу каптамак эмес. Жараксыз деп табылган үйлөр катталган жок. Элдин мал-мүлкү аман», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×