Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Ысык-Көл

Изделип жаткан режиссер Ш.Раяпов үйүндөгү түшүнбөстүктөн кийин дайынсыз болгон

Turmush -  Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылындагы Капчыгай жайлоосунда изделип жаткан режиссер-дизайнер Шамир Раяпов үй-бүлөсүндөгү пикир келишпестиктерден кийин дайынсыз болгон. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Кажы-Сай айылы жакта Ш.Раяповдун атасына таандык эс алуучу коттедждер болгон.

«Изделип жаткан жарандын апасы уулу Кажы-Сайда болушу мүмкүн экендигин айткан. Себеби 1 жыл мурун үйүндө түшүнбөстүктөр болуп, баласы Кажы-Сай айылына кетип калган. Быйыл дагы баласы менен өз ара түшүнбөстүктөр болгондон кийин дайынсыз болуп кеткен. Апасы уулу быйыл дагы Кажы-Сайга кетиши мүмкүн деген билдирүүдөн кийин жайлоодо издөө иштери башталды», - деп билдиришти.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы режиссер-дизайнер Шамир Раяповду куткаруучулар Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылындагы Капчыгай жайлоосунан издеп жатышкандыгын маалымдаган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2119
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×