Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусуНарын району 12.06.2018 10:48

Нарындын Миң-Булак айылынын дайынсыз жоголгон тургуну изделүүдө (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын 55 жаштагы тургуну Өмүрбек Баймоңолов үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын РИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, аталган тургун ушул жылдын 10-июнунда түшкү саат 14:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.

Өмүрбек Баймоңолов 1963-жылы туулган.

Кийген кийимдери: жеңи узун көк түстөгү көйнөк, боз түстөгү костюм-шым, кара түстөгү боосу бар бут кийим.

Өң-келбети: кара тору, көзү бакыракай, чачын ак баскан.

Өзгөчө белгилери: Оң жак капталында операциядан калган болжол менен 10 см узун так бар, психикалык жактан жабыркап келген.

Эгерде жогорудагы адамды көрүпбилгендер болсо 0705053377, 0773591242 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×