Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Талас

Ак-Жар айылында 15 үйдүн короосун, 5 гектар айдоо аянтын сел каптады

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айыл аймагындагы Ак-Жар айылын каптаган селдин кесепеттерин жоюу, чыгымды тактоо иштери улантылып жатат. Айылда кечээ, 11-июнь күнү саат 18:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү каналдан сел суулары ашкан болчу.

ӨКМдин бүгүн, 12-июндагы маалыматы боюнча, сел суусу Ак-Жар айылында 15 турак үйдүн короо сарайларын, чарбактарын, орто мектептин короосун жана 5 гектар айдоо аянтын каптады. Адамдар жабыркаган жок жана турак үйлөрдүн ичине сел суулары кирген эмес.

Кара-Буура райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, суу ашкан аймактар бекемделди. Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 401
Көп окулду
×