Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Ысык-Көл

Караколдо «Ирада» балдар үйүнүн 60 жыл мурун курулган тосмосу алмаштырылды (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы «Ирада» балдар үйүнүн тосмосу алмаштырылды. Бул тууралуу балдар үйүнүн жетекчиси Гүлзана Сарчалова билдирди.

Анын айтымында, короого таманташ дагы төшөлүүдө.

«Тосмо 1959-жылы А.Макаренко мектеби болуп курулганда тургузулган. Кийин балдар үйү болгон. Тосмонун эскилиги жетип, урап баштаган. Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө келген жеке ишкерге бул маселе боюнча кайрылганбыз. Ал жардам көрсөтүп, тосмону алмаштырып жатат. Аны менен бирге кире беришке таманташ төшөп бермей болду. Ушундай кайрымдуу адамдар көп болсун», - деди ал.

«Ирада» балдар үйүндө учурда 12 бала тарбияланып, 4 кызматкер эмгектенет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 728
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×