Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Чүй облусуКемин району 12.06.2018 10:18

Айыл турмушу: Бир тууган эжелеринин колунда тарбияланган ырчы Калыйнур сынактардан ийгиликтерди жараткан (видео, фото)

Turmush -  Кемин районуна караштуу Орловка шаарынын 21 жаштагы тургуну Калыйнур Нургазиев кичинесинен бери ырдап, кыргыздын мыкты ырчыларынан болууну кыялданат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ырчылык талантын эң биринчи мугалими байкаган.

«Мен 1997-жылы Кемин районуна караштуу Орловка шаарында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, эки эжем бар. Тилекке каршы атам-энем кичинекей кезимде каза болуп калышкан. Улуу эжем Жазгүл мени, экинчи эжем Даражанды өстүрүп чоңойтту. Кийинчерээк экинчи эжем жогорку окуу жайында окуду.

Кичинекей кезимден бери ырчылыкты жакшы көрүп, ырдап келем. Эң алгач талантымды музыка сабагын окуткан эжейим Валентина Михайловна байкап, мени музыка мектебине алып барган. Атайын музыкалык билим алган жокмун. Бирок ар кандай аспаптардын коштоосунда ырдаганды үйрөндүм.

Эмнегедир ырдаганды жактырам, ата-тегимде да ырчылык өнөр бар болчу. Эң алгач 7-классымда "Сары-Өзөн чолпондору" сынагына катышып, кыргыз эстрада жылдызы М.Атабековдун ырын аткарып чыктым. Райондук турдан жеңип, облуска жолдомо алдым. Ал жерден да жеңишке ээ болдум. Ошондон тарта райондо, мектепте өткөрүлгөн бардык иш-чараларга активдүү катышып, ырдап баштадым. Көрүүчүлөр аябай жакшы кабыл алып, дайыма колдошот», - деди ал.

Жаш талант келечекте музыкалык билим алып, белгилүү ырчы болууну кыялданат.

«Менин көптөгөн кыялдарым бар. Эң негизги кыялдарымдын бири музыкалык билим алып, кыргызымдын мыкты, белгилүү ырчыларынан болсом дейм. Андан соң дагы бир кесипти алууну пландап жатам.

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинде окучумун. Турмуш шартка байланыштуу окууну таштоого туура келди. Бирок быйыл тапшырганы жатам. Кумир туткан ырчым Эд Ширан. Анын талантына жогору баа берем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×