Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Талас

Жубайлар: Сагынбай ата менен Муктара апа бактылуу болуунун сыры менен бөлүштү (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын тургандары — 77 жаштагы Момунтаев Сагынбай ата менен 69 жаштагы Момунтаева Муктара апанын баш кошуп, түтүн булатып келе жаткандарына 51 жылдын жүзү болду. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Муктара апа: Өзүм Манас районунун Көк-Дөбө айылында туулуп өстүм. 18 жашымда Кызыл-Сай айылына келин болуп келдим. Жолдошум экөөбүз 1967-жылы эжемдин кызынын тоюн таанышканбыз. Ал күйөө жолдош болуп келген экен. Ортодо аке-карындаш катары мамилебиз эле бар болчу. Бирок мени 8 ай сыртымдан көз салып жүргөн экен, 1967-жылы 19-ноябрда баш коштук.

Жолдошум үйлөнгөндөн кийин 1974-жылга чейин жыгач устачылык менен алектенип, кийин «Красная заря» колхозунда кампа башчы болуп эмгектенди. Өзүм болсо ашпозчу болуп иштеп жүрдүм. Кийин жолдошум иштеген кампага жардамчы катары жумушка орношуп, пенсияга чыктым. Ортобузда 4 уул, 3 кызыбыз бар. Бардыгы өз ордуларын таап, үй-бүлө күтүштү. Жолдошум балдарына камкор ата, үй-бүлөсүнө карамдуу жана менин жан шерик эрмегим. Адамгерчиликтүү жана жолдошторунун арасында кадыр-баркка ээ. Колунан көрү төгүлгөн уста (күлүп).

Сагынбай ата: Өмүрлүк жарыма 26 жашымда жолуктум. Ал убакта жубайым 18 жаштагы суйкайган сулуу кыз болчу, бир көрүп жактырып калгам. Биздин убакта сүйүү күчтүү болчу. Батынып сүйүүмдү айта албаганым менен сыртынан 8 ай көз салып, кайтарып жүрдүм. Чыныгы сүйүү, бакыт үй-бүлө кургандан кийин жаралат. Экөөбүздүн 7 балабыз бар. Бардыгы өз үй-бүлөсү менен бактылуу. Ата-эне үчүн эң бактылуу учур балдарыңдын бактылуулугун көрүү экен. Кемпирим экөөбүз үчүнчү уулум Талип менен келиним Гүлбахиранын колундабыз. Экөө тең мугалим болуп эмгектенип жатышат.

Азыркы жаштарга айтарым эң чоң бакыт — бул үй-бүлө, эң чоң жетишкендик — бул балдарың. Андыктан жеңил ойлуулукка алдырбай, чакан мамлекетиңерди сактагыла. Бири-бириңердин жакшылыгыңарды ашырып, жамандыгыңарды жашырып, бириң кол болсоңор, бириң бут болуп эриш-аркак болуп жүргүлө. Мына биз барга-жокко чыдап 7 баланы тарбиялап, канча мээнет кетирдик. Азыркы учурда жакшылыктарын көрүп, төрүндө балпайып бактылуу карылыкты өткөрүп жатабыз.

Жубайлар 7 баласынан 30 небере жана 5 чөбөрөлүү болушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1388
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×