Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ысык-Көл

Дайынсыз жоголгон режиссер-дизайнер Шамир Раяповду Капчыгай жайлоосунан издеп жатышат

Turmush -  Дайынсыз жоголуп изделип жаткан режиссер-дизайнер Шамир Раяповду куткаруучулар Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылындагы Капчыгай жайлоосунан издеп жатышат. 1994-жылы туулган Ш.Раяпов 8-июнь күнү Капчыгай жайлоосуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 11-июнда түшкөн.

Кечээ ӨКМдин №38 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп, бирок натыйжа болгон жок.

Буга чейин режиссердун досу Кайрат Алишев ал 4-июнда Бишкек шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп жатканын билдирген.

«Милицияга кайрылдык. Чек аралар текшерилгенин, Шамир Кыргызстандын аймагынан чыкпаганын айтышты», - деди К.Алишев.

Ш.Раяповдун бою 175 см, чачы кара, өзгөчө белгилери жок. Анын жүргөн жери тууралуу маалыматы барлар досу Кайрат Алишев менен 0707 779 737 номуру аркылуу байланышса болот.

Шамир Раяпов

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 592
Көп окулду
×