Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө жайкысын балдардын 148 өнүгүү борбору ачылат

Turmush -  Ысык-Көл облусунда быйыл жайкы сезондо 148 өнүгүү борбору ачылат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директорунун орун басары Нургүл Шарапова билдирди.

Анын айтымында, жыл аягында «Мыкты өнүгүү борбору» сынагы өткөрүлөт.

«Өкүлчүлүк тарабынан быйыл балдардын жайкы эс алуу жана өнүгүү борборлору ачылсын деген тапшырма берилген. Ошонун негизинде облуста 148 өнүгүү борбору ачылганы турат. Анын ичинен 90у мектепке чейинки билим берүү борбору болуп, мектептердин базасында ачылат. Төртөө балдар чыгармачылык билим берүү борборлорунда жана 18и китепкана базасында жана 8 борбор жайлоолордо ачылат. Буга байланыштуу өкүлчүлүк «Мыкты өнүгүү борбору» кароо-сынагын өткөрөт. Ал эми эс алуу лагерлерине 300дөн ашык бала барат», - деди Н.Шарапова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 385
Көп окулду
×