Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Бийиктиктен сельфи: Токмокто 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган кыз сүрөткө түшкүсү келген

Turmush -  Токмок шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаш кыз көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатына сүрөткө түшүү үчүн чыккан.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылдын 9-июнь күнү болжол менен саат 17:30 чамасында милиция кызматкерлерине Токмок шаарындагы толук курулуп бүтө элек имараттын 9-кабатында бир кыз отургандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге дароо аймактык тескөөчүлөр жана жаш өспүрүмдөр менен иштешкен милиция кызматкерлери барган маалда кыз ӨКМ кызматкерлеринин жанында болгон. Териштирүү учурунда 2002-жылы туулган Б.Н. аттуу кыз 10-класстын окуучусу экени аныкталган. Кыздын милиция кызматкерлерине берген көрсөтмөсүндө, ал 9-июнда болжол менен саат 17:00 чамасында үйүнөн сыртка сейилдеп чыккан. Аталган имараттын 9-кабатына чыгып, сельфи жасап сүрөткө түшкүсү келген.

«Кыздын 9-кабатта отурганын көргөн ылдый жактагы тургундар, "бери түш" деп кыйкырышканда, ал өзү эле түшкөн. Андан соӊ ӨКМ жана биздин кызматкерлер барган. Кызды милиция кызматкерлери үйүнө жеткирип, ата-энеси менен баарлашып, аталган имаратка экинчи чыкпоосун айтып түшүндүрүшкөн», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Токмок шаарынын тургундары өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаш кызды куткарып калышкандыгы маалымдалган.

ӨКМ маалымдагандай, 9-июнда саат 17:42 чамасында айтылган дарекке аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жөнөтүлгөн. Алар жеткенге чейин кызды 9-кабаттан жергиликтүү тургундар алып түшүүгө жетишкен.

Күбөлөрдүн айтымында, аталган кыз 13-14 жашта болгон.

«Токмок шаарындагы Жантаев жана Шамшы көчөлөрүнүн кесилишинде толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу турак үй жайгашкан. Ал кыз ошол үйдүн эӊ жогорку кабатынын терезесинен бутун салаӊдатып шектүү отурганын көрүп, дароо ӨКМдин кызматкерлерине телефон чалдык. Кыз бизди көрүп артка жылды да, жерге түшүп качып кетти. Ал кетери менен 2-3 мүнөттөн кийин куткаруучулар келди», - деп билдиришти күбөлөр.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1678
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×