Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Айыл турмушу: 46 жылдык өмүрүн мугалимдикке арнаган А.Жолбунов жер-жемиштердин түрүн өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Нарын районунун Куланак айылынын 77 жаштагы тургуну Алымбек Жолбунов өмүрүнүн жарымын билим берүү тармагына арнаган. Ал короо ичиндеги жерди иштетүү менен алек болуп, күн алыс достору менен шахмат ойноону адатка айланткан. Карылыктын бактылуу доорун сүрүп жаткан карыя менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Алымбек Жолбунов 1941-жылы Куланак айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1959-жылы 10-классты бүтүп, ошол эле жылы айыл чарба факультетинин механизация бөлүмүнө тапшырып, аны 1965-жылы окуп бүтүргөн. Окуу жайды бүтүп келгенден бери өзүнүн айылындагы №86 кесиптик лицейде мугалим, андан соң директордун орун басары болуп 46 жыл иштеген. Ал 2011-жылы пенсияга чыккан.

«Эртең менен таңкы саат 05:00дө туруп, бир топ жумушту бүтүрүп алам. Анткени ысыкка чыкпайм. Кара жумуш менен алекмин. Көзүмдүн көрүүсү күндөн-күнгө алсыз боло баштады. Бирок ага карабай эмгекти сүйөм. Шахмат боюнча айылдан чемпиону болгом. Бош убакта шахмат ойноп, сынактарга, турнирлерге катышам. Көп жылдар бою кесиптик билим берүү окуу жайында иштедим. Ал кездери велосипед менен бир күндө 10 чакырым жол басып өтчүмүн. Үй-бүлөм жөнүндө айтсам, байбичем Зуурабүбү менен 22 жашымда баш кошуп, 8 балалуу болдук. Балдарыбыздын ар бири өз алдынча жашайт», - деди ал.

Алымбек ата учурда короо ичиндеги чакан жер тилкеге жемиштердин түрүн өстүрүп, үй-бүлөсүнөн артканын айылдаштарына сатат.

«Азыр пенсионермин, мурдагыдай талаа иштерине, мал чарбачылыкта иштегенге күчүм деле жок. Көбүнчө чарбакта болуп, короо алдынан кар кетери менен өсүмдүктөрдү өстүрөм. Андан кийин короодогу жер тилкеге картошка, капуста, помидор, сабиз, жүгөрү, кызылча, бадыраң, калемпир жана башка өсүмдүктөрдү айдайм. Буларды айткан оңой болгону менен өтө майда жумуш, көп убакытты талап кылат. Өсүмдүктөрдү отоп, сугарып, багуу керек. Бул жумушка келиним Айнура жардам берет. Кичүү балам мал чарбачылыгын колуна алган», - деди ал.

Айыл аксакалы быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата көп иштер аткарылып, көйгөйлөр чечилсе деген ниетте.

«Аймак өнүкмөйүнчө экономика өнүкпөйт. Аймактарды өнүктүрүү — шаар, кыштактарды өнүктүрүү. Ал эми кыштактарды өнүктүрүү үчүн ар бир үй-бүлө өзүнөн баштоо керек деп ойлойм. Андан кийин бара-бара баары өнүгөт. Биз да өзүбүздөн баштап, короодо эскирип калган дубалдарды оңдоону пландап жатабыз. Көрктөндүрүү, тазалык боюнча дайыма аракет кылып, өз айланамды тазалоого салым кошом. Негизи биздин айылдын жолу кейиштүү абалда. Аллеянын бардыгы жакшы курулган, бирок ал жерге таштанды ыргытышат», - деди карыя.

Алымбек Жолбунов СССРдин кесиптик техникалык билим берүү системасынын отличниги. Ал министрликтин бир нече грамоталары менен сыйланган, ошондой эле Нарын районунун «Ардактуу атуулу» наамынын ээси.

Анын 4 кыз, 4 уул жана 6 небереси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 917
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×