Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Фото — Сокулукта дайынсыз жоголгон отставкадагы майор Нуркалый Жакеевдин денеси талаадан табылды

Turmush -  Сокулук районунун Студенттер айылынын 78 жаштагы тургуну, милициянын майору Нуркалый Жакеевдин жансыз денеси 9-июнь күнү табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын туугандары билдиришти.

Маалыматка караганда, майор дайынсыз жоголуп, 18 күндөн бери изделип келген.
Денеси 9-июнь күнү саат 14:00 чамасында Студенттер айылынын батыш-түштүк тарабындагы айдоо аянттын сол капталындагы коллектрдын ичинен табылды. 18 күн бою суунун ичинде жатып, денеси бузулуп кеткен. Колундагы Союздун эски сааты жана бут кийими жок болуп чыккан.

«Балким агып кеткенби же бир жерге калып калганбы, анысын так билбей жатабыз. Бирок сааттын чынжырчасы оңой менен чечилип кетчү эмес. Биз туугандар менен өтүк кийип, Конезавод жана Чат-Көл коллектрларынын ичинде сууну кечип издеп жүрүп таптык. Андан соң милиция кызматкерлерине кабарладык. Алар Сокулук райондук соттук-медициналык экспертизага алып кетишти. Сөөгүн Нарынга алып барып жерге бердик», - деди алар.

Нуркалый Жакеев СССР учурунда милиция кызматында иштеп, майор чинин алган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин май айында Сокулук районунун Студенттер айылынын 78 жаштагы тургуну Нуркалый Жакеев дайынсыз жоголуп жатканы кабарланган.

Күйөө баласы Алмаздын айтымында, 22-майда кечки саат 19:30 чамасында Сокулук районунда мал сарай өрттөнүп, Нуркалый Жакеев Студенттер айылына кырсык болгон жерге барган.

«Ошол күнү саат 18:00дө кошунабызга койлорду кезүүгө кошкону сүйлөшкөнү кеткен. Кошунабыз малды айылдын четиндеги талаада кайтарат. Бирок ал «койлорду ала албайм, өзүмдүн койлорум көп болуп кетти» дептир. Андан чыгып келе жатса айылдын ары жагында кашардын чөбү өрттөнүп жатыптыр. Элдин баары кырсык болгон жерге жардамга бара жатса, аларга кошулуп биздин атабыз дагы барыптыр. Караңгыда көзү да жакшы көрбөйт. Ал өрт кечкурун, күн батып бара жатканда болгон. Атабыз ал жактан кайра үй жакка келе жатканын кичинекей балдар көрүптүр. Ортодон көпүрөдөн өтүп, үйгө бара турчу жолду таппай жатканда бир балага жолугуптур. Экөө учурашып, андан ары басып кеткен экен.

Атам өзү ИИМдин ардагери, союз маалында майор чинин алган. 2 уул, 2 кызы бар. Эс акылы жакшы эле. Ал мурунку милиция кызматкери болгондуктан үйдү таап келет эле. Атам кыргыз, казак, орус тилдеринде сүйлөйт. Түбү Нарындын Ат-Башы районунан.

Биз 23-майда кечинде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө барып арызыбызды таштап келгенбиз. Түнкү саат 24:00дө оперативдүү топ келип кетишкен. Андан бери милиция кызматкерлеринен бир да кабар жок. Өзүбүз атабыздын сүрөтүн чыгарып, базарларга чаптап келдик. Туугандын баары биригип алып айылдын тегерегин, ал тургай Төрт-Күл, бул жагы Совхоз айылдарына чейин кыдырып, издеп жатабыз», - деген ал.

Андан кийин:

Нуркалый Жакеевди издөөгө 50дөн ашуун милиция кызматкерлери жана айылдын 30-40ка жакын тургундары тартылган болчу.

Алар 3 күндөн бою айыл ичин, айдоо аянттарын, суу аккан арыктарды жана башка жерлерди карап чыгышкан. Издөө иштерине Сокулук РИИБдин кызматкерлеринен сырткары Чүй облусунун райондорунан да кошумча милиция кызматкерлери чакырылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7176
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×