Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Талас

Видео, фото — Кара-Бууранын Ак-Жар айылындагы короолорду суу каптап жатат

Turmush -  Бүгүн, 11-июнда Талас облусундагы Кара-Буура районунда жаан жаап, турак жайларды суу каптады.

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, Аманбаев айыл аймагындагы Ак-Жар айылында жааган жаандын кесепетинен саат 18:00 чамасында сел жүргөн. Адамдар жабыркаган жок.

Суу айылдагы турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык унаа жолдорду каптады. Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы чыгып кетти.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, учурда суунун агымы азайып калды. Айрымдар талаадагы төө буурчакка да селдин зыяны тийгенин айтууда. Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1263
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×