Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баракелде

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин жансакчысынан курал табылды, - ИИМ

Turmush -  Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз курал сактоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын май айынын ортосунда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери Октябрь РИИБдин тергөө кызматы менен бирге Кылмыш-жаза кодексиндеги 168-берененин негизинде териштирилип жаткан кылмыш иштин алкагында 1987-жылы туулган К.Р.нын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Ал уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин айдоочу-жансакчысы экени аныкталган.

Шектүүнүн үйүн текшерүү учурунда балдардын бөлмөсүндөгү шкафтын ичинен «Сайга-410» үлгүсүндөгү курал 2 ок кутусу жана 15 огу менен табылды. Мындан тышкары темир кол курал (кастет) жана бычак табылып алынды. Ал эми шектүүнүн баштыгында (борсетка) жеке күзөт ишканасына таандык ИЖ-71 тапанчасы болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 241-берененин 4-бөлүгүнүн (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) негизинде кылмыш иш козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1889
Көп окулду
×