Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 11.06.2018 16:58

Баткенде өспүрүм кыздардын футбол боюнча мелдеши жыйынтыкталды

Turmush -  Бүгүн, 11-июнда Баткен шаарында өспүрүм кыздар арасында өткөн футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Футбол федерациясынын Баткен облусу боюнча өкүлү Айбек Ражапов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Баткен, Чүй жана Талас облустарынан келген 15 жашка чейинки кыздардын командалары катышты. 10-июнь күнү Баткен менен Талас облусунан келген кыздар командасы таймашып, оюн 0:0 эсеби менен жыйынтыкталган. Ал эми бүгүн, 11-июнда Баткен менен Чүй облусунун командалары күч сынашып, оюн 0:0 эсебинде аяктады. Командалар эч кандай упай топтой албагандыктан бардыгына бирден упай берилип, кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×