Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.06.2018 13:42

Караколдо дзюдо боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Мелдеш эл аралык класстагы КРнын жана СССРдин спорт чебери, дзюдо боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Жаркынбек Шамбетовдун урматына арналып, ага Россия, Казакстан жана Кыргызстандын аймактарынан 200гө жакын балбан катышты.

Мелдештин ачылыш аземинде Ж.Шамбетовго Ак-Суу районунун «Ардактуу атуулу» наамы тапшырылды. Ал өз кезегинде балдарды куттуктап, белектерин берип, спорт тармагындагы ийгиликтеринин сыры менен бөлүштү.

Ысык-Көл облустук дене тарбия, спорт жана жаштар департаментинин маалыматына караганда, мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду Россия Федерациясынын спортчулары, экинчи орунду Казакстандын дзюдочулары, ал эми 3-орунду Кыргызстандын командасы алды. Жеңүүчүлөргө кубок жана медалдар таршырылган.

Мелдешти КР Дзюдо федерациясы, шаардык мэрия, Кара-Жал айыл аймагы, облустук дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×