Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ош

Өзгөндө кызга жолугуу үчүн барган жигитти топ балдар сабап кетишти

Turmush -  Өзгөн районуна тааныш кызына жолугуу үчүн барган жигитти жергиликтүү топ балдар сабап кетишти. Окуя 2-июнда болуп, жабырлануучу — Кара-Суу районунун 23 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган.

Кылмышка шектүү 2 жигит кечээ, 10-июнь күнү кармалып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) менен кылмыш иши козголгонун Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жабырлануучу жигитти «Биздин айылдын кызы менен сүйлөшпө» деп сабашканы маалым болду.

Учурда бул окуяга тиешеси бар башка шектүүлөр да такталып жатат.

------------------------------------------------------------------------------

Оштун Ноокат районунда буга чейин да ушундай окуялар болуп, анын бири адам өлүмү менен коштолгон эле. Ноокаттын Гүлистан айыл аймагынын Бостон айылында 30-мартка караган түнү сүйгөн кызына жолугууга барган 32 жаштагы жаран айылдык эки жигиттин ур-токмогунан каза болгон.

Маркум 30-мартка караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында айылдагы тааныш кызына барган. Алардын жолугушуусун көрүп калган жергиликтүү эки жигит кол салып, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал дарыгерлердин аракетине карабастан 5-апрелде көз жумду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат, шектүүлөр камакта.

Ушул эле айылдагы экинчи окуя 30-март күнү саат 14:30 чамасында болгон. Кыз-жигит үйлөнүү максатында сүйлөшүп жүрүшкөн. Ошол күнү башка айылдык жигит кыздын айылына барганда 10 чакты бала чогулуп: «Биздин айылдын кыздары менен эмне үчүн сүйлөшүп жатасың?», - деп суракка алышкан. Алар кыз-жигитти эки башка автоунаага салып, кыздын колу-бутун байлап салышкан. Ал эми жигитти ур-токмокко алып, ал ошол күнү ооруканага түшкөн.

Топ балдар жалгыз жигитти ур-тепкиге алганы видеотасмага тартылып, социалдык тармактарга тарагандан кийин коомчулукка белгилүү болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3899
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×