Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Таалайбек эски «ГАЗ-53» унаасын жаңылап, аны эки эсе кымбат сатты (фото)

Turmush -  Тоң районунун Ала-Баш айылынын 36 жаштагы тургуну Таалайбек Калуев эски, жүрбөгөн унааларды оңдоп сатуу менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча сүрөтчү.

«Кесибим менен иштеген жокмун. Ал эми унаа оңдоо менен алектенип жатканыма 15 жылдай болуп калды. Бул ишти атамдын жанында жүрүп үйрөнгөм. Атам өзү унааларды кыйын оңдочу. Азыр бир туугандарыбыздын баары жалаң техника оңдоо менен алектенет. Шаардагы бир туугандарымдын атайын автоунаа оңдоочу жайлары бар.

Мен дагы унаалардын түрлөрүн оңдой берем. Бирок көбүнчө эски унааларды оңдойм жана жүрбөгөн унааларды сатып алып, аны оңдоп, боёп, кайра сатам. Мисалы эски «ГАЗ-53» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны 100 миң сомго чейин сатып алып, аны оңдоп-түздөп, кайра 200 миң сомдон жогору баага сатам. Жылына 5-6 унаа сатылат. Мындан сырткары, айылдаштарымдын унааларын оңдоп берем. Жылына болжол менен 400 миң сомдой киреше табам.

Бул иштен тышкары мал чарбачылык менен алектенем. Келечекте унаа тейлөөчү чоң салон ачсам дейм», - деди Т.Калуев.

Ал 2 уул, 1 кыздын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6231
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×