Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Талас облусу 11.06.2018 12:43

Айыл турмушу: Таластык Г.Рысалиева айылдаштары менен биргеликте кыздарга септерди даярдап келет (фото)

Turmush -  Талас районунун Калба айылынын 43 жаштагы тургуну Гүлзат Рысалиева апасынан үйрөнгөн кол өнөрчүлүктү улантып келе жатат. Аймактык кабарчы чебер айымдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Кара-Ой айылынын кызы.

«Үйдө 5 кыз чоңойдук. Апам чебер аял эле. Бешөөбүзгө тең өзүнүн чеберчилигин үйрөткөн. 1994-жылы Калба айылына келин болгом. Жаңы келин болгон чакта жайлоого чыгып, сары май, курут, сүзмө жасап, сатыкка чыгарчумун. Кийинчерээк эжемдер менен 5 бир тууган кыздар чогулуп, топ ачып, кыздарга сеп даярдап иштедим. 3 жылдан бери айылдагы эжелер менен чогулуп, кол өнөрчүлүктү улап жатабыз. Кыздардын себине төшөк тигебиз. Ар бирин толук даярдоого 350 сом алабыз. Кошуна эжелер менен биригип, кийиз менен сумкаларды жасап жатабыз. Келечекте үйүндө бош отурган жаш келиндерди жумуш орду менен камсыз кылсак дейбиз.

Өзүм 3D саймаларды картина кылып саям. Бош убакытта жасап отуруп, 1 картинаны 4 айда бүтүрөм. Токууну дагы өздөштүргөм. Айыл ичинде топу, байпак, кийимдерди токуйм. Баалары 150 сомдон 350 сомго чейин болот. Жолдошум Мирлан Береналиев ар дайым колдойт. Башка облустарга көргөзмөлөргө, мастер-класстарга жөнөтүп турат», - деди ал.

Чебер айым 1 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×