Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Чүй

Айыл турмушу: Дуатлон менен машыккан Нуршатты чет өлкөлүк деп ойлогондор «hello» дешчү (фото)

Turmush -  34 жаштагы Нуршат Абабакиров эки жылдан бери дуатлон менен машыгып келет. Ал өзүнүн шайтан арабасы менен Чүй облусунун жарымын кыдырып чыкты. Жакында эле Токмок шаарында өткөн жаштардын акциясына катышуу үчүн Бишкек шаарынан Токмокко чейин 70 чакырым аралыкты 2,5 саатта басып өтүп, кайра Буранадан Бишкекти көздөй 80 чакырым аралыкты 3 саат 18 мүнөттө басып өткөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал биринчи жолу 150 чакырым аралыкка жүргөн.

«Бир ай мурун шайтан араба менен 100 чакырым аралыкка жүргөм. Мурунку жылдары Ош, Жалал-Абад жактарга барганда шайтан арабаны унаага жүктөп алып, тоо, жайлоо тараптарга айдап жүрдүм. Анда орто эсеп менен күнүнө 80 чакырым аралыкка жүрчүмүн. Жаштардын долбооруна катышуучу балдар мени спорт боюнча ментор катары тандап алышкан. Аларды спорттун жакшы жактары менен тааныштырам.

Өзүм Борбордук Азиядагы америкалык университетинин бүтүрүүчүсүмүн. Азыр БУУнун Кыргызстандагы кеӊсесинде коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн координатору болуп эмгектенем. Жаштарга билим алуу үчүн эмне кылыш керек экенин, чет элдик программалар жөнүндө айтып берем жана аларга чет өлкөдөгү окуу жайга өткөнгө жардам берем. Быйыл "Флекс" программасынын Кочкор районундагы катышуучусуна Америкага окууга жөнөткөнгө жардам бердим. Мындан сырткары көзү азиздерди коштоп марафондордо чуркайм.

Спорт менен дайым машыкканга аракет кылабыз. Көбүнчө чуркоо жана вело менен алекмин. Кыргызстандын кооздугун жакшы байкап сезиш үчүн вело туризмин жакшы көрөм. Шайтан араба менен унаа чыга албаган жерлерге барса болот. Жаратылышты башка ракурстан көрсө болот», - деди ал.

Нуршат Абабакиров вело менен көбүнчө триатлон, дуатлондорго тынбай катышат.

«Триатлон спортунун өнүгүшү да кубандырат. Мурда бизде бул спорттун түрү анча өнүкпөй, жалаӊ эле чет элдиктерди жолдон көрчүбүз. Ошол себептен мени да алгач жолдон көргөндөр чет өлкөлүк деп ойлошуп, кыргыздар "hello" же "hi" деп учурашчу. Азыр болсо кыргызча эле учурашат. Бул вело спортунун Кыргызстанда өнүгүп жатышы жөнүндө кабар берет. Учурда кыргызстандыктар да чет өлкөлүктөрдөн кем калышпай, өз өлкөсүн вело менен кыдырып эс алып башташты. Чоӊ жолдо унаа айдоочулар да вело жүргүнчүлөрүн сыйлай баштаганы байкалат. Аларды кыспай, негизсиз эле сигнал бербей, коркутпай калышты.

Спортто көп эле кызыктуу окуялар болду. Спорт деген биринчиден жеңилгенди үйрөтөт деп ойлойм. Бир жолу дуатлон эстафетасында үчүнчү орунга көрсөтүлүп, бирок тилекке каршы албай калдык. Жүздөн ашуун катышуучулар менен жарышып жатып, 16-бурулуштан адашып, 8 эмес 7 жолу тегеренип, эстафетаны башка катышуучуга өткөрүп коюптурмун. Аябай шашып же 3-орундун байгесин катуу ойлонгон окшойм, айтор жеңилип калгам. Расмий жыйынтык чыккандан кийин, ичим андан бетер тызылдады, себеби мен дагы бир жолу айланганда деле биздин команда баары бир үчүнчү келмек экен. Бирок жалпысынан мага окшоп адашып, дисквалификация болгондордун саны 20 чакты экен. Аларга көңүл айтуу менен Мирбек экөөбүз жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктадык. Экинчи мындай ката кайталанбасын деп, Мирбек экөөбүз өзүбүзгө гармин саатынан таберик жасадык. Эмне болсо дагы өткөн жарыш бизге чоң сабак болуп, мындан ары да жакшы машыгууга шыктандырды. Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет эмеспи», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

«Өзүм 1984-жылы Ош шаарында төрөлгөм. Үй-бүлөлүүмүн, 2 баланы тарбиялап өстүрүп жатабыз. Уулумду бала бакчага ар дайым велосипедге учкаштырып алып барам. Кышында да шайтан араба менен жүрө беребиз. Шаардагы тыгын жана абанын бузулушунун айынан шайтан араба менен жүрүү замандын талабы болуп калды», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1057
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×