Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Талас облусу, Талас 11.06.2018 11:27

Айыл турмушу: Таластык уста мугалим Э.Орозалиев неберелери үчүн үйүн сувенирлерге толтурган (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 57 жаштагы тургуну Эсен Орозалиев 40 жылдан бери мектепте сүрөт сабагын окутуп, жыгач устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Чоң-Токой айылында туулган. Кийин сүрөтчүлүк кесипке ээ болгон.

«40 жылдан бери сүрөт, кол эмгек сабагынан мугалим болуп иштеп келем. Талас шаарындагы А.Чолпонкулов атындагы орто мектебинде 20 жылдан бери иштеп келе жатам. Жумуштан үйгө барганда жыгач усталык менен алектенем. Карагай, өрүк, теректен ар кандай сувенирлерди жасайм. Көбүнчө неберелерим үчүн жасайм. Ошолор жакшы эс алсын, коноктор келгенде суктанып, эс алып кетишсин деп эшиктин алдына тапчан кургам. Алыс жактардан табылган жаргылчак, таштарды алып келип койгом. Көбүнчө керексиз буюмдардан жаңы нерсе жасаганды жактырам. Мисалга жөн эле жаткан шиферлерден тосмо жасап, аларга балык тартып, океандын сүрөтүн чагылдыргам. Жыгачты ээсинин уруксаты менен кыйып келген соң караңгы жерде 1-2 жыл кармайм. Жыгач кургаганда аны сомдоп эмеректерди, керектүү буюм, сувенирлерди жасай берем. Жасаган ишимден рахат алам. Сатыкка чыгарам деп такыр ойлогон эмесмин. Мага маанилүүсү — үйгө келген конокторго жагып турганы. Негизи адам баласынын колунан бардык нерсе келет. Менин жолумду жолдоп, кесиптеш болгон окуучуларым аз болду.

Жубайым Мейилкан Шералиева экөөбүз 1980-жылы баш кошконбуз. Ал дагы кол өнөрчүлүк менен алектенет. Мындан 5 жыл мурун облустан «Үлгүлүү үй-бүлө» деген наам алганбыз», - деди ал.

Уста-мугалим жубайы экөө 3 уул, 1 кыз, 15 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×