Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Нарын

Нарында «Балдар оюндарынын кербени» уюштурулду (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы борбордук аянтта «Келечек оюндан башталат» ураанынын алдында III Бүткүл дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюндарынын алкагында уюштурулган «Балдар оюндарынын кербени» аттуу маданий иш-чара ɵттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чарага үч жүздөн ашуун балдар ата-энелери менен катышты. I I I Бүткүл дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюндарын уюштуруу жана ɵткɵрүү боюнча катчылык, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги биргелешип уюштуруп, Кыргызстандын облустарын кыдырып жүргɵн «Балдар оюндарынын кербени» Нарын шаарынын тургундарына майрамдык маанай тартуулады.

Иш-чаранын алкагында балдар жана алардын ата-энелери аркан тартмай, ашкабак чапмай, жаа атуу, чүкɵ ойноо, беш таш, сүрɵт тартуу, жиптен секирүү, шамдагай алакан жана башка кɵчмɵндɵр оюндарынын түрлɵрүн ойноп, ырдап, бийлеп, викториналык суроолорго жооп берип, кɵӊүлдүү эс алышты. Ошондой эле уюштуруучулардын кызыктыруучу сыйлыктарына татыктуу болушту.

I I I Бүткүл дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюндарын уюштуруу жана ɵткɵрүү боюнча катчылыктын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова: «Бул иш-чара улуттук оюндарыбызды жандандыруу, элге жайылтуу, балдарды уюлдук телефонго болгон кɵз карандылыктан алаксытуу, жаш жеткинчектердин улуттук аӊ-сезимдеринин калыптануусун, оюндар аркылуу жеткиликтүү ɵсүп-ɵнүгүүсүн шарттоо максатын көздөйт. Себеби балдардын ийгиликтүү ɵсүп-ɵнүгүүсү үчүн зарыл болгон нерселердин баары салттуу элдик оюндарда камтылган. Элдик оюндардын жеткиликтүүлүгү жана таасирдүүлүгү баланын ой жүгүртүү жɵндɵмүн активдештирип, дүйнɵ таанымын кеӊейтүүгɵ, психикалык процесстерди ɵнүктүрүүгɵ кɵмɵктɵшɵт.

Баса белгилеп кетүүчү жагдай ата-энелердин балдарга мүмкүн болушунча кɵбүрɵɵк кɵӊүл буруусуна чакырык таштоо болуп саналат. Бул ɵзгɵчɵ эрте куракта ɵтɵ маанилүү. Бала жарык дүйнɵгɵ келгенден кийин жашоосунун алгачкы миӊ күнүндɵ анын мээси тез ыргакта ɵнүгүп, ар бир секунд сайын миӊге жакын жаӊы биригүүлɵр калыптанат. Алар баланын ɵмүрүнүн кийинки жылдарындагы ɵнүгүүсүн жана жаӊы нерселерди үйрɵнүү мүмкүнчүлүктɵрүн камсыз кылат. Андыктан бала тɵрɵлгɵндɵн баштап аны менен ойноо ɵтɵ маанилүү», - деди ал.

Кыргыз элинде элүүдɵн ашык элдик балдар оюндары болсо, иш-чарада 25 негизги оюн тандалып алынган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 989
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×