Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 11.06.2018 10:27 На русском

Нурсултан Назарбаев президенттердин бири-бирине берген белектери тууралуу айтып берди

Turmush -  Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кытай Эл Республикасына болгон расмий иш сапары жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммитинин жыйынтыгы боюнча кыска маалымат жыйын өткөрдү.

Өлкө башчы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президенттердин бири-бирине берген белектери тууралуу айтып берди.

«Негизинен мамлекет башчылары бири-бирине белек беришет. Эгер мага эмне белек берилгенин билгиңиздер келсе, анда музейге барыңыздар. Ал жерде бардыгы сакталып турат. Бул жерде дайыма кооз гүл салгыч (ваза) белек кылышат. Президенттин музейинде биринчи өлкө башчынын китепканасы бар. Бардык белектер ал жакка өткөрүлөт. Кечээ мага Кытайдын тоолору жана жазуусу түшүрүлгөн 15 метрлик жибек кездеме белек кылышты. Кымбат, баалуу белектер эмес, көңүл буруу абдан маанилүү. Мен күмүштөн жасалган тоо илбирсин белек кылдым», - деди Н.Назарбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×