Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 11.06.2018 10:26

Иса уулу Нурланбек Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчылыгына келди (өмүр баяны)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 39 жаштагы Иса уулу Нурланбек шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Азат Капатов 2018-жылдын 8-майында өзүнүн арызынын негизинде Ат-Башы райондук администрациясы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулган. Андан соң, айыл башчылыкка 2 талапкер катталып, шайлоо өткөрүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 5-июнундагы токтомунун негизинде көпчүлүк добушка ээ болгон Иса уулу Нурланбек айыл өкмөт башчысы болуп бекитилген.

Өмүр баяны:

Иса уулу Нурланбек 1979-жылы Ат-башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. 1985-жылы Ак-Муз айылындагы Боогачы атындагы орто мектебине кирип, аны 1995-жылы бүтүргөн.

Эмгек жолу:

- 2000-жылы Бишкек шаарындагы Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгында инспектор болуп дайындалган. Ушул эле учурда Кыргыз Республикасынын ИИМге караштуу милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы орто окуу жайында билим алган;

- 2003-жылы Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн Баш-Кайың айылындагы аймактык милиция бөлүмүнүн инспектору кызматына дайындалып, 2005-жылга чейин эмгектенген;

- 2006-жылдан ушул күнгө чейин өзү өскөн айылында фермерчилик менен алектенип, дыйкан чарбасын жетектеп келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×