Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 11.06.2018 09:30

Айыл турмушу: Кара-бууралык уста М.Өмүрзаков 15 миң сомдук шайтан арабаларды жасайт (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 41 жаштагы тургуну Мурадил Өмүрзаков 30 жылдан бери устачылык менен алектенип келет. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 8 бир туугандын төртүнчүсү.

«Азыркы тапта шайтан араба оңдоп, үйгө керектүү ар кандай эмеректерди жасап иштейм. Бир шайтан арабаны жасоого 2 күн убакыт кетет. Алар 15 миң сомго чейин бааланат. Керектүү тетиктерин Кара-Бууранын базарынан алып келем. Үйгө керектүү духовка, мештерди жасоого 1 күн кетет. Буйрутмалар көбүнчө коңшу айылдардан түшөт.

1 ай мурун өзүмө жөнөкөй унаа алып, анын ичи-тышын оңдоп кооздодум. Жалпы 73 миң сом каражат сарпталды. Көпчүлүк унаамды көрүп кызыгып, «меникин да жасап бер» дегендер болуп жатат. Устачылык өнөрүмдү экинчи балам Өмүрбекке дагы үйрөтүп жатам», - деди ал.

Уста үй-бүлөдө 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×