Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Видео, фото — Эң алгачкы «Миссис Ош» сынагынын жүрүшү

Turmush -  Ош шаарында алгачкы жолу «Миссис Ош» сынагы уюштурулуп, финалдык бөлүгү 10-июнда болуп өттү. Ага Ош облусунун бардык аймагынан 8 талапкер катышты, деп билдирди кабарчы.

Сынактын уюштуруучусу Эрзаман Абдикеримовдун айтымында, катышуучулар кастинг аркылуу тандалган.

«Буга чейин кастингге Ош облусунун аймагынан 26 аял келген. Алардын ичинен 8 аялды тандап алдык. Мындай сынак Ош шаарында биринчи ирет болуп жатат. Сынактын өзгөчөлүгү 23 жаштан 50 жашка чейинки айымдардын арасында өткөрүлгөндүгү деп ойлойм», - деди ал.

Аталган сынакта катышуучулар төрт багыт боюнча: саламдашуу, улуттук тамак-аштарды даярдоо, улуттук кийимдерди сахнада көргөзүү, ыңгайлуу кечки кийимдер коллекциясын жана талантын көрсөтүү багытында жарышты. Сынактын жыйынтыгында Айжамал Асилбекова жеңүүчү аталып, «Миссис Ош» наамына ээ болуу менен эл аралык сынакка жолдомо алды. Ал эми «Экинчи вице-миссис» наамына Элеонора Рысалиева ээ болсо, «Биринчи вице-миссис» наамына Бегимай Айдарбек кызы татыды.

Мындан сырткары сынакта «Күлкү сулуусу», «Таланттуу сулуу», «Подиум сулуусу» наамдары да өз ээсин тапты. Алардын ичинен «Подиум сулуусу» наамына ээ болгон Гузел Якубова калыстар тарабынан «Миссис Кыргызстан» сынагына жолдомо алды.

«Мен үчүн баары абдан сонун болду. Катышуучулардын ичинде таланттуулары абдан көп экен. Бүгүн мен ушул эле сынактын республикалык деңгээлдеги туруна жолдомо алдым. Бирок азырынча катыша турганымды жооп бере албайм. Бирок катышкым келип турат», - деди Г.Якубова.

Ал эми «Миссис Ош» наамына ээ болгон Айжамал Асилбекова орозо кармап, сынакка катышуу ал үчүн кыйын болгондугун белгиледи.

«Сынакка өзүнө ишенген гана адамдар катышат. Ошондой эле мындай сынактан ар бир адамдын өзүнө болгон ишеничи да бекемделет деген ойдомун. Жеңишти бир эле мен алган жокмун. Мага жакындарым да чоң жардамын беришти. Мен ар түрдүү кесиптин ээсимин. Бирок көпчүлүк учурда жергиликтүү телеканалдардын биринин таңкы берүүсүндө алып баруучулук кызматты аркалайм. Сынак Рамазан айына туш болгону үчүн ага даярдануу оор болду.

Балким ыйык айда орозо кармаганым үчүн дагы жеңүүчү болгондурмун. Мен учурда 32 жаштамын жана 2 уул, 1 кызды татыктуу тарбиялап жаткан учурум», - деди жеңүүчү.

Жобо боюнча сынакка 23 жаштан 50 жашка чейинки айымдар катышса болот. Ошто алгачкы ирет өткөн мындай сынак эми жыл сайын уюштурулуп турмакчы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2748
Көп окулду
×