Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 10.06.2018 17:08 На русском

Фото, видео — Лейлекте кайрадан сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Turmush -  Лейлек районунда бүгүн, 10-июнда саат 16:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Исфана—Андарак—Көк-Таш ички чарбалык унаа жолунун 14-16-18-20-чакырымдарын кайрадан сел суулары каптады. Анын кесепетинен жолдогу каттам жабылган.

Жарандык коргонуу комиссиясынын бүгүн, 10-июндагы чечиминин негизинде Лейлек районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгени маалым болду. Акыркы маалыматтар боюнча айрым айылдардын жашоочуларын тез арада чатырларга чыгаруу пландалып жатат. Кырсык болгон аймакта кесепеттерин жоюу иштерине министр Нурболот Мирзахмедов жетекчилик кылууда.

Лейлек районундагы кечээ, 9-июнда саат 16:35 чамасында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иштеринин алкагында белгилүү болгондой 12 турак үй жана бир бала бакча, 3 көпүрө жараксыз болду. Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Абиш Халмурзаев Лейлек районундагы сел жүргөн аймактан бүгүн, 10-июнда кабар алган.

Кара-Суу айылындагы селдин кесепетинен жарактан чыккан «Ак шумкар» бала бакчасында 64 бала тарбияланып жаткан. Анын имаратын жабуу жана өкмөттүн балансында турган чайхананы убактылуу бала бакча кылып ачуу тапшырмасы тиешелүү жетекчилерге берилди.

Облус башчынын иш сапарынын алкагында белгилүү болгондой, сел кетүүчү сайды эл тосуп, короолорун кеңейтип алган. Ага байланыштуу сел сайга батпай, габион торчолорун да бузуп, үйлөргө чейин кирди. Маалым болгондой, 2005-жылы да Кара-Суу айылын сел каптаганда 38 үй-бүлөнү көчүрүү боюнча ӨКМдин корутундусу чыккан. Анын негизинде кооптуу аймактардагы үйлөрдүн жашоочуларына зарыл болгон ссуда берилип, бирок жардам алган жашоочулар толук көчкөн эмес. Бүгүнкү жолугушууда өкмөт өкүлү тургундарды короо-жайларын тартипке келтирүүнү жана мамлекеттен жер тилке, ссуда алып, бирок көчпөгөн жарандардын жоопкерчилигин кароо менен чара көрүү маселесин чечүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Учурда сел каптаган жолдорду толук тазалоо, элди суу суу, таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо аракеттери улантылууда. Айылдарда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 100гө жакын куткаруучулары, 14 чек арачы жана жарандык коргонуу комиссиясынын 50гө чукул кызматкерлери иштеп жатат.

Фото – Лейлекте үйлөрдү, көпүрөлөрдү жана жолдорду сел каптап, малдарды агызып кетти

Фоторепортаж — Лейлектеги селдин кесепеттери

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×