Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Айыл турмушу: Нарындык мугалим Г.Семетеева нан бышыруучу жай ачып, айылдаштарын жумуш менен камсыз кылды (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын 49 жаштагы тургуну Гүлмира Семетеева 12 жылдан бери айылдаштарын жумуш орду менен камсыздап келет. Айылында нан бышыруучу жай ачкан ишкер жана мугалим айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Жеке ишкердин айтымында, кичине кезинен бери нан бышырууга кызыгып келген.

«Мен бала кезимден бери эле нан бышыруучу цех ачууга аябай кызыгып, китептерден нан азыктарын даярдоонун жолдорун үйрөнө баштагам. Бала чагымдагы кыялымды ишке ашырайын деген максатта 2006-жылы АРИСке долбоор жазып, андан уткан акчага нан бышыруучу жабдык, айылдагы бала бакчанын ашканасын ижарага алып, иштете баштадым. Алгач булочка жасоо менен айыл ичине жана мектепке таратып жүрдүм. 2008-жылдан тарта нан азыктарын көбөйтүп, жумушчу да ала баштадым. 2013-жылдан бери өзүнчө имарат сатып алып, түрдүү нан азыктарын, сезон убагында торттордун түрүн жасап, айыл ичине, Ат-Башы, Баш-Кайыңды, Жаңы-Күч, Казыбек айылдарынын дүкөндөрү менен иштешип жатабыз. Учурда ишканамда 3 адам жумуш орду менен камсыздалган.

Таттууларды жасоо боюнча билимим жок. Бирок жасалыш жолдорун китептерден, интернеттен өздөштүрүп алдым. Алдыда таттууларды жасоо боюнча билим алып жана кондитердик цех ачайын деген оюм бар», - деди ал.

Ишкер айым ардактуу мугалимдик кесиптин ээси.

«1991-жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы университетинин химия, биология факультетин аяктап, ошол эле жылы Большевик, Баш-Кайыңды айылдарында эмгектендим. 1992-жылдан бери айылыбыздагы мектепте окуучуларга сабак берип келем. Мындан сырткары кол өнөрчүлүк менен дагы алектенип, шырдак жасап жана түймө түйөм», - деди ал.

Мугалим 2013-жылы «Ардактуу ишкер айым», «Эл агартуунун отличниги» наамдары менен сыйланып, бир топ ардак грамоталардын ээси болууга жетишти.

Г.Семетеева менен жолдошу Т.Эстебесов экөөнүн баш кошконуна быйыл 18 жылдын жүзү болду. Алар 1 уул, 4 кыздын жана 3 неберенин ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 858
Көп окулду
×