Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Айыл турмушу: 49 жаштагы Ш.Бейшеева бала бакчаларга сүрөт тартып келет (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун 49 жаштагы тургуну Шекербүбү Бейшеева бир топ жылдан бери бала бакчада иштеп, сүрөт тартып келет. Анын апасы да сүрөт тартып, кол өнөрчү болгон. Шекербүбү Бейшеева менен аймактык кабарчы таанышты.

Шекербүбү Бейшеева 1969-жылы Ат-Башы районунун Калинин айылында төрөлгөн, 14 бир туугандын төртүнчүсү. 17 жашында мектепти бүткөндөн кийин эле турмушка чыккан. Ал аралыктан бери 7 балалуу болуп, «Баатыр эне» наамын алууга жетишкен. Учурда бала бакчада кенже кызматкер болуп эмгектенет, ал жактагы сүрөттөрдүн баарын өзү тартат. Ошондой эле сүрөтчүнү баалаган коңшу айылдагылар да буйрутмаларын беришет.

«Жолдошум 9 бир тууган болчу. Ал 2005-жылы ооруп кайтыш болуп калды. Ал кезде балдарым кичинекей эле. 13 жылдан бери жалгызмын. Кыздарым турмушка чыгып, балам үйлөнгөн, кудайым кут кылсын, 8 неберем бар.

10 жылдан бери аталган айылдагы “Нур бала” бала бакчасында кенже кызматкер болуп иштеп келем», - деди ал.

Мындан сыркары, каарманыбыз кол өнөрчүлүк менен алектенип, төшөк жасап, курак курап, айтор аялзатына тиешелүү бардык жумушту жасайт. Чыгармачылыкка да жакын болуп, айылдагы сармерденде обон созуп калат.

«Балдарым мектептен жакшы окугандыктан 3 жолу “Камкор ата-эне” деген грамота алдым. Өткөн жылы “Баатыр эне” наамы менен сыйландым. Үйдөн аялзатына тиешелүү бардык кол эмгекти жасайм, кыздарыма септи өз колум менен жасап бердим. Апам сүрөткө абдан жакын болчу, ошондон уламбы кичинекей кезимден сүрөт тартууга кызыгып, кийин турмушка чыкканда ошол өнөрүмдү жандантып, сүрөттү жакшы тарта баштадым. Бала бакчага жумушка киргенде баары мага эле сүрөт тарттыра беришчү. Ошентип бүгүнкү күнү бала бакчанын сүрөтчүсү болуп калдым. Ал эле эмес жакынкы айылдан келип буйрутма берип, сүрөт тартып бериңизчи деп сурангандар көп болот», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1432
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×