Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 08.06.2018 17:28

Нурия Жанузакова апрелден бери Нарын облустук кан борборунун жетекчиси болуп иштеп жатат

Turmush -  Нарын облустук кан борборунун башчылыгына Нурия Жанузакова келди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Буга чейин бул кызматты Таалай Уркунчиев аркалап келген.

Нурия Жанузакова 1971-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Э.Ибраев атындагы №4 орто мектебин аяктап, 1989-жылы Украинадагы медициналык институтунун дарылоо иши факультетинде 5 жыл окуп, 1994-жылы Кыргыз медициналык институтуна которулуп келген. 1995-жылы Нарын облустук ооруканасында эмгек жолун баштап, 1996-жылдан 2018-жылга чейин Нарын медициналык колледжинде студенттерге терапиядан сабак берип келген. Ошол эле жылдары НМКда бөлүм башчы болуп иштеген. 2018-жылдан бери Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда психиатр-нарколог болуп иштеп келе жаткан. Ушул жылдын 23-апрелинен баштап Нарын облустук кан борборуна директорлук кызматка киришти. Үй-бүлөлүү, 2 кыз жана 1 уулу бар.

«Буюрса жумушту өздөштүрүп жатам, иш кызыктуу, жамаат да абдан жакшы. Кызматка келгенден бери активдүү донорлордун санын көбөйтүү, иштин жана кызматкерлердин сапатын жогорулатуу максатын көздөп жатабыз.

14-июнь — Эл аралык донорлор күнү. Ал күнү эл аралык коом менен бирге иш алып барабыз. Мындай иштерди бардык райондордо улантабыз. Бизде дайыма кандын запасы болуп турат, андыктан кан жок дебейбиз. Донорлордун саны да жылдан жылга көбөйүп жатат, мисалы донорлордун саны 2017-жылдын 1-кварталына карата 175 болсо, быйыл 207 адамга жетти. Алынган кандын сапатын жогорулатабыз, жугуштуу оорулар менен ооруган адамдардын каны болбошу керек», - деди ал.

Нарын облустук кан борбору 1991-жылдан бери керектүү бөлүмдөргө кан даярдайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×