Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 08.06.2018 16:34

Ат-Башы районунда эки айыл өкмөттүн башчылары өз каалоосу менен кызматтан кетишти

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз жана Кара-Коюн айыл өкмөттөрүнүн башчылары өз каалоосу менен кызматтан кетишти. Бул маалыматты Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тастыктады, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Азат Капатов 2018-жылдын 8-майында өзүнүн арызынын негизинде Ат-Башы райондук администрациясы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулган. Андан соң, айыл башчылыкка 2 талапкер катталып, шайлоо өткөрүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 5-июнундагы токтомунун негизинде көпчүлүк добушка ээ болгон Иса уулу Нурланбек айыл өкмөт башчысы болуп бекитилген.

Ал эми Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Таштанов 2018-жылдын 4-июнь күнү өзүнүн арызынын негизинде Ат-Башы райондук администрациясы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулган. Айылдык кеңештин депутаттарынын сессиясы өтө электигине байланыштуу айыл башчылыкка талапкерлер көрсөтүлө элек.

Мындан сырткары, Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулуп, айыл башчысынын милдетин убактылуу аткарып жатат. Бул айылга башчыны шайлоо 20-июнга белгиленген, бирок азырынча бир дагы талапкер каттала элек.

13-май күнү Казыбекте жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×