Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Нарын облусу, Нарын 08.06.2018 15:51

«Мыйыгынан күлгөндөр көп болгон»: 50 жаштагы өтүкчү Д.Дүйшеева бут кийим оңдоону жолдошунан үйрөнгөн (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын 50 жаштагы тургуну Дилбара Дүйшеева өтүкчү болуп иштеп, бул ишке кызыккандарга бут кийим тигүүнүн ыкмасын үйрөтүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Дилбара Дүйшеева Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда төрөлүп, ушул жерде өсүп чоңойгон. 25 жашында Нарын шаарында жашаган өтүкчүгө турмушка чыгып, азыркы аркалап жаткан кесибинин сырларын жолдошунан үйрөнгөн. Өзүнүн айтымында, башында Дилбара жеңенин бут кийим тигип, өтүк кармаган ишин көргөндөр мыйыгынан күлүшкөн. Бирок убакыттын өтүшү менен каарманыбыздын бул ишине суктангандар арбыган. Учурда өтүкчү жеңенин убактысынын басымдуу бөлүгү бут кийим тигүүчү жайында өтөт.

Дилбара Дүйшееванын кесиби ашпозчу. Ал бир кездери базарда соода да кылып көргөн, бирок тапкан тыйыны күнүмдүк жашоосуна жетпегендиктен жолдошу менен чогуу иштөөнү туура көргөн.

Өтүкчү жеңенин ак эмгеги менен тапкан акчасы бардык кем-карчтарды толуктап жибербесе дагы, күндөлүк керектөөсүнө кең-кесири жетет. Антсе да, бут кийим оңдоого пайдаланылган химиялык заттар ден соолукка коркунуч туудурбай койбойт.

«Ден соолукка көп эле зыян. Бет кап тагынабыз, бирок колубузга кол кап кие албайбыз. Себеби, кол жасап жаткан ишти, кармап жаткан нерсени сезиш керек. Бул ишти үй-бүлөбүз менен өздөштүрүп алганбыз. Кимибиз бош болуп калсак иштей беребиз. Чындыгында ак эмгек менен тапкан акчаң аш болот. Ушу менен жан багып, тыйын таап жаткандан кийин алдыда пландар көп. Кышка шарт түзүп, жумуш ордубузду чоңойтуп алсак деп жатабыз.

Бул ишти үйрөнгүсү келгендер да бар, кыз-келиндер, эркек балдар да келип "үйрөтүңүзчү" дешет. Аларга колдон келишинче жакшы үйрөтүүгө аракет жасайм. Чындыгында бул ишти баалап, үйрөнгүсү келгендер мени кубандырат», - деди ал.

Дилбара Дүйшеева 3 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×