Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Баткен

Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Баткенге иш сапары менен барды (фото)

Turmush -  Баткен облусуна Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Бактыгүл Ноорузбаева иш сапары менен барды.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, Б.Ноорузбаева алгач Лейлек районундагы «Ата-Журт», Баткен райондук «Кызыл-Туу», облустук «Баткен таңы» гезитинде, ошондой эле Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясына барды.

Анын айтымында, иш сапарынын негизги максаты — гезит жана телерадиокомпанияларды бир жерге топтоп, медиа борбор түзүү. Анын негизинде учурда мамлекеттик телекомпаниялар жана гезиттердин материалдык-техникалык базаларында инвентаризация жана талдоо жүргүзүлүп жатат. Ушундай эле иштер Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларында улантылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 722
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×