Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 08.06.2018 14:21

Лейлектеги Максат айылынын тургундары медициналык кароодон акысыз өттү (видео, фото)

Turmush -  Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылындагы жашоочуларга акысыз медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Борубеков билдирди.

Анын айтымында, көз, кулак, мурун дарыгери, хирург, балдар дарыгери, акушер-гинеколог, травматолог, ортопед жана УЗИ, лаборатория адистери тургундарды акысыз кароодон өткөрүштү. Бул иш-чара облус башчы жана тургундардын демилгеси менен уюштурулду.

Лейлек районунун Максат айылы Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун Офчикалача айылы менен чектешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×