Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Айыл турмушу: 40 жылдык өмүрүн билим берүүгө арнаган Б.Өмүрзакова мектепте балдарга тамак даярдоо милдетин аткарууда (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын мектептеринде 40 жылга чукул мугалим болуп иштеген Бейшегүл Өмүрзакова ардактуу эс алууда болсо да мектепте ашпозчулук кесипти аркалап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бейшегүл Өмүрзакова 1953-жылы Нарын районундагы Таш-Башат айылында төрөлгөн. Алгач педагогикалык орто окуу жайын бүтүп, кийин Кыргыз мамлекеттик университетин сырттан окуп, кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу деген кесипке ээ болуп чыккан. Билим берүү тармагында иштеген жылдары окуучуларга билим берүүдө чыгармачылык менен эмгектенип, аларды олимпиадаларга даярдап, окуучулары облустук жана республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды багындырган.

«Окуучуларым учурда ар кайсы кесиптин ээси болушуп, үзүрлүү иштеп жатышат, кээ бири менен кесиптеш болуп калдым», - деди ал.

Б.Өмүрзакова мугалимдер арасында уюштурулган сынактарга катышып, өзүн мыкты мугалим экендигин көрсөтө алган. Анын көп жылдык эмгеги бааланып, бир нече грамоталарга ээ болуп, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.

Нарын шаарындагы №8 жана №2 орто мектептеринде иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Ал ардактуу эс алууга чыкса да, мектептен кеткиси келбей 2014-жылдан бери №2 орто мектебинде ашпозчу болуп иштеп келет. Башталгыч класстын окуучуларына тамак даярдоо анын мойнунда.

«Биз бешөөбүз иштейбиз. Эки мөөнөт менен 5 күн балдарга тамак даярдап беребиз. 2 күн ботко, 3 күн салат беребиз. Ар бирибиздин өзүбүзгө тиешелүү жумуштарыбыз бар. Бирибиз идиш-аяктарды жуусак, калгандарыбыз тамак-аш даярдайбыз», - деди ал.

Мектепте күнүгө 1000 балага тамак даярдалат. Анын ар бири бир күндө 10 сомдун тамагын ичет.

Ардагер мугалим өмүрлүк жолдошу Токтакун менен 2 уул, 2 кызды тарбиялап өстүргөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 979
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×