Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Ш.Орозкожоева эмгектерин Европа өлкөлөрүнө сатууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын 56 жаштагы тургуну Шарапат Орозкожоеванын өзгөчө эмгектери Европанын Германия, Франция өлкөлөрүнө жана Казакстан мамлекетине чейин сатылат. Аймактык кабарчы кол өнөрчү ишкер айым менен таанышып, жасаган эмгектерин көрүп келди.

Анын айтымында, бул өнөргө бала кезинен тарта кызыгып, аны апасынан үйрөнгөн.

«Кол өнөрчүлүккө бала кезимден кызыгам. Апам өтө иштүү адам болчу. Учурда бул кол өнөрчүлүк менин эң жакшы көрүп сүйгөн кесибим болуп калды. Үйдө бош отура албайм. Дайыма колум бир нерсени жасап турса, мен ошого ыраазы болом. Шырдак шырып же жөрмөп отурганда обон созуп, ырдап чарчаганымды унутуп калам», - деди ал.

Кол өнөрчү туристтердин буйрутмасын жасап, «Шырдак» фесивалына да жыл сайын катышып келет.

«Жан дүйнөм менен берилип жасаган эмгектерим жерде калбайт. Туристтер менен 2009-жылдан бери кызматташып келем. Эмгектеримдин алды Египет, Германия, Франция, Америка жана Казакстанга чейин сатылды.

Шырдак шырып, жөрмөп, ийик ийрип, курак курап, деги эле бардык кол өнөрчүлүк менен алектенем. «Шырдак» фестивалынан калбай катышам», - деди ал.

Ишкер айылындагы бир топ келиндерди дагы жумуш менен камсыз кылат. Анын турмушка чыккан кыздары да бош убактыларында кол өнөрчүлүк менен алек болуп турушат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1224
Көп окулду
×