Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Айыл турмушу: Германиядагы жумушка кол шилтеген чүйлүк жаш дарыгер Нарындагы ооруканада иштеп жатат (фото)

Turmush -  Кара-балталык Самат Асаналиев мындан 6 жыл мурун Нарын шаарына үй-бүлөсү менен бирге көчүп келип, Нарын облустук бириктирилген ооруканасында эмгектенип жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2013-жылы Нарын жергесинде дарыгерлердин жетишсиздигин көрүп, айлык маянанын аздыгына карабай Нарын шаарына келүү чечимин кабыл алган.

Самат Асаналиев 1986-жылы 29-апрелде Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка айылында төрөлгөн. Төрт бир туугандын үчүнчүсү, 2 эжеси, 1 иниси бар. Ал мектептен математика сабагын жаман көргөндүктөн медицинаны тандап алганын айтып жылмайса, бул тармактын арты менен Нарында жашап калганына кубанат. Алгачкы эмгек жолун аскердик дарыгер болуу менен баштаган. Учурда тоолуу Нарында медицинанын бир бурчунун түйшүгүн тартып келет.

«Чоң атам мугалим, азыр ойлосом ошол киши билимге умтулуума чоң салым кошуптур. Мектепти бүткөндөн кийин кайдан билим алсам деп көпкө ойлондум. Себеби математиканы жаман көрчүмүн. Окууга барарда кайсы жакта математика жок деп байкоо салып, медицина тармагын тандап алгам. Бирок бул жерге тапшыргандан кийин деле математиканы окудум. Көрсө бардык тармакта бул сабак болот экен.

Өзүм Кара-Балтаданмын, ошол жерден чоңойдум. Андан кийин Бишкекке барып окуп, иштеп калдым. Учурда тактап айтканда 6 жылдан бери Нарындамын. 2010-жылы Оштогу коогалаңда аскердик дарыгер болуп иштедим. Эң кызыгы мени ал жакка барат деп эч ким ойлогон эмес. 2011-жылы Бишкекте жаңы ачылган Улуттук госпиталдагы жасалма бөйрөк бөлүмүнө чакырышты. Андан соң, 2013-жылы Нарынга чакырып калышты. Бул жакта дарыгерлердин жетишсиздигин көрүп, үйгө барып келинчегим менен акылдашып алып, Нарында иштеп калдык. Улуу эжем Германияга чакырганынан барбай койгонбуз, Нарынды тандап кеттик. Жубайымдын адиси невропатолог, экөөбүз Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында бир курста окуганбыз. Ал жактан эндокринолог адистигин алып чыккам. Медицина кызматкерлери 1 жылда бир нече жолу окуудан өтүп турабыз.

Нарынга биринчи келгенде терапия бөлүмүндө дарыгер болуп эмгектенип баштадым. Андан соң кабыл алуу бөлүмүнө бөлүм башчы кылып которушту. Ал жакта 1,5 жыл иштедим. Директордун дарылоо иштери боюнча орун басары болуп иштеп жатканыма 3 жылдай болуп калды», - деди дарыгер.

Самат Асаналиев өмүр бою оору менен күрөшүп келген медицина кызматкерлери бейтапты айыктырып алса, анда ал дарыгер үчүн ырахат экендигин билдирди.

«Жумуштун оордугун ар тараптан карасак болот. Дүйнөлүк статистиканы карап көрсөк, бардык бейтаптар жакшы болуп кетпейт. Светтик илимпоздордун изилдөөсүнө таянсак, адамды аман алып калуу үчүн дарыгерлер 20 пайыз гана болгон күчүн жумшай алышат экен. Ал эми калган 80 пайыз ошол адамдын өзүнөн жана кудайдан көз каранды. Мисалы, тукум кууган оорулар бар, ал нерселерге биз жардам бере албайбыз. Кээде түшүнбөстүк кылгандар бар, андайда бизди тебелеп жаткандай сезилет. Биз койгон талаптарды аткарбагандар бар, ошондон да түшүнбөстүктөр келип чыгат. Кээде биздин түйшүктү билбей коюшканда, дарыгерлер сарсанаа болуп жатып, шамдай жанып күйүп кетишет.

Оорулууну айыктырып алсак, биз ошондон ырахат алабыз. Жумуштун оордугуна айлык маянанын аздыгы төп келбейт», - деди ал.

Анын айтымында, Бишкекте жаш дарыгерлер 4000 сом алса, Нарында бийик тоолуу деп 6000 сом колуна берилет.

«Бул жада калса батирди төлөөгө да жетпей калат. Эптештирип жашап жаткан жаш дарыгерлер ошол себептен да качып жатышат. Дарыгерлерге көңүл буруу деген жок. Бул маселе качан чечилет билбейбиз.

Негизи эле Нарын мага жагат. Биз Нарынга жаңы көчүп келгенде бир апага жолугуп калганбыз. Ал адамдын мамилесинен улам нарындыктардын меймандос, жөнөкөй экенин көрө алдык.

Элдерге айткым келет, ден соолукту караш керек. Жаш балдарга кайдыгер карашат экен. Ага караганда мал ооруп калса, тез кыймылдап башташат экен», - деди ал.

Дарыгер үй-бүлөлүү, 2 кыз жана 2 уулу бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4099
Көп окулду
×