Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Айыл турмушу: Пагончулардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн Мээржан Касмалиеванын милициядагы жашоосу (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын 40 жаштагы тургуну Мээржан Касмалиева Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын башчысы болуп эмгектенет. Өз кезегинде анын ата-энеси да милиция кызматында эмгектенишкен. М.Касмалиева менен аймактык кабарчы таанышты.

Мээржан Касмалиева 1977-жылы 17-октябрда Нарын шаарында төрөлгөн. Ушул эле шаарда мектепти аяктаган соң Нарын медициналык училищага тапшырып, акушер-гинеколог адистигин алып чыккан. 1998-жылы Нарын облустук ооруканасынын стерилизация бөлүмүндө 5 ай иштеп, андан кийин гинекология бөлүмүндө 5 жыл иштеген. 1996-жылы Нарын мамлекеттик университетиндеги юридикалык факультетти сырттан окуп бүткөн. 2001-жылы Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору болуп бекитилген. Андан соң кадр бөлүмүндө, 2008-жылы Жумгалда 4 жыл тергөөчү, Ак-Талаада 4 жыл тергөөчү болуп эмгектенген. 2015-жылы Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кадрлар боюнча башчысынын орун басары болуп келген. 2018-жылдан баштап Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын башчысы болуп иштеп келет.

«Негизи аялдар үчүн милиция кызматында иштеген өтө эле оор. Бирок бул тармакты өзүм тандап, каалап келген үчүн мага кызыктуу. Келген адамдардын тилин таап сүйлөшүү, ичиндеги болгон сезимин сыртка чыгаруу өтө оор, ал үчүн дайыма психолог болобуз.

Бизде милиция айымдарынын ассоциациясы бар, анын уюшулганына 8 жыл болду. Бул жакта Галина Айдаркулова деген полковник эже бар. Ошол эже биздин төрага, милициядагы жаш айым кызматкерлерге насаатчылык иштерин жүргүзүү боюнча иш алып барып келет. Бизди окутушкан, эми биз жаш кызматкерлерди окутуп жатабыз. Бул долбоор да аяктап бара жатат. Жалпы Нарын облустук ички иштер бөлүмүндө 40 айым кызматкер бар. Бул ишим менен алдыда Бишкекке которулуп иштеп көрөйүн деп жатам», - деди ал.

Мээржан Касмалиеванын үй-бүлөсүнүн басымдуу бөлүгү укук коргоо тармагында эмгектенип келишет.

«Атам менен апам милиция болуп иштеп жүрүп пенсияга чыгышкан, милициянын подполковниктери. Эжем менен жездем экөө тең аскер адамдары, жолдошум Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматында милициянын пропорщиги, иним да милициянын подполковниги, ал да тергөөдө иштеген.

Кызымдын милиция болушун каалабайм, анткени бизде кыйынчылыктар абдан көп. Мурда бизди ар кайсы жерге кааласак да, каалабасак да жөнөтүп жиберишчү. Азыр андай эмес, кызматкердин өз каалоосуна жараша болот», - деди ал.

Мээржан Касмалиева милициянын отличниги, «Милициянын 90 жылдыгы», «Датка айым» төш белгилери менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, 1 кыздын жана 1 уулдун энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2591
Көп окулду
×