Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Талас

Айыл турмушу: Таластык Л.Турдуманбетовага айылдаштары кезекке туруп, кыздарына сеп даярдатышат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 44 жаштагы тургуну Лира Турдуманбетова 10 жылдан бери буйрутма алып кыздардын септерин даярдап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Чүйдүн Кемин районунда чоңойгон. 1993-жылы Таласка келин болуп келген. Чеберчиликти кайын энесинен үйрөнгөн.

«Мен келин болуп келгенде апам чеберчилик менен алектенип, шырдак, кийиздерди жасап, куракчылык менен алектенчү. Кайын эненин камырынан деп коёт эмеспи. Менда кайын энемдин жолун улап иштүүлүк кылып келе жатканыма 10 жылдын жүзү болду. Апам жанына отургузуп алып кол өнөрчүлүктү ийне-жибине чейин үйрөткөн. Ошол убакта балдарым жаш болгондуктан кол өнөрчүлүк менен иштегенге убакыт болбочу. Азыркы учурда кыздардын себине буйрутма тигип келем. Бир кыздын себи орточо эсеп менен 15 миң сомду түзөт. Кээ бирлери кездемесине жараша тиктирет. Кымбат кездемелер менен тиктирсе кымбат бааланат. Кездеме көбүнчө кардарларыман келет. Алардын оюндагыдай кылып жасоо үчүн колдон келген күчүмдү жумшайм. Бул ишимди жолдошум колдоп, керектелүүчү буюмдарымды алып берип, атайын бир бөлмөнү тигүү бөлмөсү кылып ачып берген.

Көбүнчө күз мезгилинде буйрутмалар көп түшөт. Жетишпей калган убакта кайын энем жардамга келет. Күз айында 20дан ашуун кыздын себин даярдайм. Тапкан кирешем менен балдарымды окутуп, үй-бүлөмө керектүү нерселерине жумшайм. Ар бир жумуштун оорчулугу жана жеңилчилиги болот. Түндөп тигип калган учурлар да көп болот. Ал убакта кайын энем экөөбүз эрмектешип, өткөн-кеткендерди сүйлөшүп жумушубузду кыла беребиз. Эң кызыгы убакыт кантип өткөнүн билбей да калабыз (күлүп). Убагында кайын энемен үйрөнгөн чеберчилик азыркы учурда үй-бүлөмө чоң кызмат көрсөтүп келе жатат», - деди ал.

Кайын энеси Сабира апа Лира келинине сеп даярдатууга кезекке туруп калгандар да болорун айтты.

«Лира үйдүн улуу келини. Экөөбүз курдаштардай сырдашабыз. Өзүм кол өнөрчүлүк менен алектенгендиктен келиниме да үйрөтүүнү туура көргөм. 10 жылдан бери буйрутма алып кыздын себин даярдап келет. Келинимдин ишин көптөр жактыргандыктан кезекке туруп калгандар көп болот. Ал убакта мен барып жардам берип турам», - деди ал.

Лира айым 1 уул, 2 кыздын жана 1 неберенин апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 625
Көп окулду
×