Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Баракелде

Жаш сүрөтчүлөр «Айтматов ааламы» көргөзмө-сынагында күч сынашат

Turmush -  Эртең, 8-июнда саат 11:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт музейинде жаш сүрөтчүлөрдүн «Айтматов ааламы» көргөзмө-сынагы башталат. Кыргызпатент маалымдагандай, иш-чара Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналат.

Иш-чаранын максаты – залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын көркөм сүрөт өнөрүндө, Кыргыз Республикасынын заманбап сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринде чагылдырып, жайылтуу болуп саналат.

Көргөзмөнүн ачылышында «Айтматов ааламы Кыргызстандын жаш сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларында» аттуу альбом-каталогдун бет ачары болуп, көргөзмө-сынакка республиканын бардык аймактарынан жаш сүрөтчүлөр, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун өкүлдөрү, айтматов таануучулар, көркөм сүрөт өнөрүн сүйүүчүлөр жана башкалар катышуусу күтүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1052
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×